«Улуттук нарк-насилибизди сактоо менен улутубуз сакталат»
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 30-августундагы «2022-2027 жылдарга Улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө» Жарлыгына ылайык 12-декабрь –Улуттук адабият күнүнө карата өткөрүлүүчү «Улуттук нарк-насилибизди сактоо менен улутубуз сакталат» маданий иш чарасынын жүрүшү 2турдан өтүлдү.
1-тур 2022-жылдын 25-октябрынан 21- ноябрына чейин
2-тур 2022-жылдын 22-ноябрынан 8-декабрына чейин
Жакып Өмүралиев атындагы орто мектебинен кыргыздын улуттук наркын,каада –салтын,улуу -кичүүгө мамилесин,улуттук нарк баалуулуктарды сарамжалдуулук, ысырапкорчулугу жок кайра иштетүүгө негизделген каада-салтынын чагылдырылышы сунушталаган.Биринчи турда жогорудагы жобого таянуу менен электрондук китепти иштеп чыгуу менен ,ысырапкорчулугу жок кайра иштетүүгө негизделген Сүттү кайра иштетүүнү тандап алып ,видео ролик тартып чыктык. Роликтин жүрүшүндо уйду саагандан баштап,кайра иштетъъ иштери сүзмөнүн сары суусун да жөн төгүп жибербей,жашоо-турмушта колдоноо билүү жолдору камтылган.Атайын дайындалган коммисиянын чечими менен иштерибиз жакшы деп табылып,баага татып,2-турга жолдомо алдык.
Жыйынтыктоо туру 2022-жылдын 8-декабрь кънъ Нарын шаарындагы Ж.Шералиев атындагы музыкалык мектебинде өттү.
2-тандоо туруна сунушталган топтор Кыргыз элинин улуттук нарк баалуулуктары сарамжалдуулук,ысырапкорчулугу жок кайра иштетүүгө негизделген каада –салтынын ,кыргыз чыгармаларындагы чагылдырылышын камтыган сахналаштырган сценка (5мүнөттөн ашпаган).Сынакка 6 адамдан турган 3окуучу , 3мугалим катышып 2-орунду камсыз кылып,Кыргыз Республикасынын Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын 2-даражадагы диплому жана көркөм адабий китептер менен сыйланды.Даярдаган мугалим Байсакова Аида Шайлообековнага Нарын райондук Билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамотасы менен сыйланды. Бул да болсо,мектеп үчүн сыймык,жетишкендик.
Комментарии