Жакып Өмүралевдин өмүрбаяны

Өмүралиев  Жакып 1909-жылы Тянь-Шань районунун Өрнөк айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген.

Өмүралиев  Жакып айылдаштарынын, замандаштарынын эсинде мекенчил патриоттуулугу, иш дегенде ичкен ашын жерге койгон иштермандыгы, чынчылдыгы, боорукердиги, уюштургучтугу менен түбөлүккө элеси калды.

Уруусу- Тынымсейит. Атасы-Өмүралы, чоң атасы-Черикчи, бабасы — Чыныбай, бубасы-Сыдык молдо, кубасы- Кожомкул, жетеси-Сартбала, теги-Жаманак. Сегиз бир туугандын улуусу.

Ата-энеден эрте ажыраган Жакып кичүү ини-карындаштарына өзү эне болуп, баарын бутуна тургузган.

Жакыптын бала чагы Улуу Үркүнгө туш келип, ошондон улам түйшүккө батып, мээнеткеч болуп өстү. Колхоздоштуруу мезгилинде жаш экендигине карабастан колхоздун жооптуу жумуштарын аткарып, эмгек жолу абдан эрте башталды.

Жубайы Арыкова Ишенбүбү экөө 1кыз, 6 уулду чоңойтуп өстүрүштү. «Аккан арыктан суу агат» дегендей, балдары айылдын белдүү кызматкерлери болуп эмгектенүүдө.

1976-жылы декабрь айында, 67 жаш курагында жарык дүйнө менен кош айтышты.

1998-жылы айыл аксакалдарынын колдоосу менен Өмүралиев Жакыптын ысымы өзү туулуп өскөн Өрнөк айылындагы орто мектебине ыйгарылды.

 

                           ЭМГЕК ЖОЛУ

Өмүралиев Жакып өзү туулуп өскөн «Өрнөк» колхозунда алгач эсепчи жана Комсомол ячейкасынын катчысы болуп иштеп, ошол мезгилдин билимдүү адамдарынын бири болгон.

Улуу Ата Мекендик согуш башталарда, 1939-жылы башкарманын төрагасы болуп шайланат. Болгон күч аракетин колхозду көтөрүүгө, план-милдеттемелерди аткарууга жумшайт.

Колхоздун гана ишин алга тартпастан, карапайым эмгекчилердин жашоосунун оңолушуна, ирдене башташына зор салым кошкон.

Согуш жылдарында эмгекчил эл согушуп жаткан армияга жеке жардамдарын да берип турушкан. Ошондой адамдардын катарынан Өмүралиев Жакып да куру калган эмес. Ал жеке өзүнүн атынан самолет куруу үчүн 30 миң сом берген. Жакып да ошондой мекенчил атуулдардан эле. Бул үлгү болоорлук иштеп көп өтпөй Жогорку Башкы Командачы И. Сталинден жооп кат ала алган.

Ал катта  «Кыргыз ССР и Тянь -Шань областы Нарын району «Өрнөк» колхозунун председатели Жолдош Өмүралиевге: Кызыл Армия аба күчтөрү жөнүндөгү камкордугуңуз үчүн менин саламымды, Кыхыл Армиянын алкышын кабыл алыңыз. 10-август 1944-жыл. И.Сталин» — деп жазылган.

1944-жылдын 27-февралында жана 1946-жылдын 7-декабрында «1941-1945-жылдардагы эмгектеги каармандыгы үчүн»  медалы, СССР Жогорку Советинин, Кыргыз ССР Жогрку Советинин президиумдарынын Ардак грамоталары, 1947-жылы 13-июнда «Кызыл Жылдыз» ордени, 1948-жылы 8-апрелде «Эмгек Кызыл Туу» ордени менен сыйланган.

Согуштун кийинки 1946-жылы райондогу колхоздордун алгачкысы болуп беш жылдык планды кабыл алып, бөлөк колхоздорго үлгү болууга жетишкен.

Өмүралиев Жакып «Өрнөк» колхозунда 20 жылдан ашык башкарма болуп иштеген. Ал иштеген жылдары колхоз бардык тармактар боюнча дүркүрөп өскөн.

«Элге кызматы өткөн адам гана элине баш көз боло алат»-деген кеп жөн жерден айтылбаса керек.