Биз жөнүндө

Жакып Өмүралиев атындагы орто билим берүү мектеби жөнундө жалпы  маалымат.

Биздин мектепте:

-Басым окууга жана тарбиялоого жасалат.

-Инновациялык билим берүү программалары ишке ашырылат.

-окутуу процесси коомчулуктун ылайыктуу органдары менен ишке ашырылат.

-ата-энелер өзүлөрүнүн балдарын мугалимдери дагы жана мектептин өнөктөшү дагы болуп эсептелинет.

-окуучуларды колдоо жана билим берүүгө гана багытталган.

МЕКТЕПТИН МИССИЯСЫ:

Мектеп окуучуларынын сапаттуу билим алуусуна жаңы билим берүү технологияларын киргизүү,коомчулукту ата-энени тартуу аркылуу жагымдуу шарттарды түзүү болуп эсептелинет.

МАКСАТ:

Керектүү билимге жана турмуштук көндүмдөргөээ болгон компоненттүү окуучуну даярдоо

Жакып Өмүралиев атындагы орто мектеби Нарын облусунун Нарын районундагы Өрнөк айылында жайгашкан. Нарын облусунун борбору болгон Нарын шаарынан 20км аралыкта Жакып Өмүралиев атындагы орто мектеби

1997-1998-окуу жылында башталгыч,аралаш мектеби.

2013-2014-окуу жылында негизги мектеби.

2017-2018-окуу жылынын 1-сентярынан  НРБББ нун №101 Буйругу менен «Ж. Өмүралиев атындагы орто мектеби» мекемеси болуп иш алып барууда.

Мектеп 2 имараттан турат. Мектептин 1-имараты 2011-жылдын январь айында ишке берилген. ГФРЭ проектиси тарабынан 3млн. 500 мин сом курулган мектеп имараты 150 орунга ылайыкталган.  2- имараты 1976-жылы курулуп, 2016-жылдын август айында капиталдык ремонтко айыл окмотунун бюджетинен 300 мин сом бөлүнүп, кабинеттер толук ремонттолуп, жылуулук системасы жасалган.

2019-2021-окуу жылында мектептин 2- имаратында ашканага таза суу киргизилип, Бириккен Улуттар Уюмунун азык тулук долбоорунун 8-агымына киргизилди.Долбоор тарабынын ашканага керектүү инвентарлар менен камсыздалды. Таза суу киргизүүгө айыл өкмөтүнүн өнүктүрүү фондунан 140 мин сом акча каралды.

2020-2021-о.ж. Агахан долбоору.

«Кыргыз Республикада мекептердин ишин жакшыртуу» 175 мин сомго,китепканага, ашкана, усулкана инвентары менен камсыздалды.

Эмблема

Биз жөнүндө

 

Мектептин материалдык

Мектеп 1-имаратына 2019-жылы 100 мин сомго видео көзөмөл орнотулду айыл өкмөт тарабынан . Мектептин 1-имаратынын коридорунун кафелдери алмашылды айыл өкмөттүн бюджетинен 300 мин сом бөлүнгөн. Мектепте 1-имаратынын жылуулоо учун жана 2-имаратты капиталдык  ремонтон өткөрүп окуу залы уюштурду.

Географиялык аянтча уюштурулду демөөрчү география мугалими К.Бапанова жана кошумча демөөрчүлук айыл өкмөттүн бюджетинен 20мин сом бөлүнүп берилген.

Мектептин китепкасына Улуттук академия тарабынан адабий китептери менен директор К.Сулайманова тарабынан 200 китеп келген. Демөөрчүлүк менен айыл тургуну М.Өмүралиев Сагынбай Орозбак варианты

«Манас» китебин 7000 сомго алып берди. ЮСАИДдин «Келгиле окуйбуз!» долбоорунан  520 даана окуу китептери келди. Кыргыз тили жана адабият мугалимдери И.Дүйшөкеева, А.Байсакова тарабынан 8000 сомго «Манас», «Семетей», «Сейтек» үчилтиги  жана А.Осмоновдун I-II- томдорун алып беришти.

Мугалимдердин демөөрчүлүгү менен түстүү  принтер «Eрson» 20мин сомдук, ламинант аппараты 3мин сом, түстүү принтер 30 мин сомдук алынды.

2011-жылы Мектептин спорт аянтчасы демөөрчү Б.Байсалов тарабынан берилген  100мин сомго жасалды. Мектептин материялдык техникалык базасын чындоо максатында.

1.Ашканага таза суу айыл өкмөттүн бюджетинен 174 мин сомго киргизилди.

2.Ашкана эмереги, инвентарлар окуу залына Агахан долбоорунан 174мин сомго каржыланды .                                            Мугалимдердин жетишкен ийгиликтери

(конкурс, кароо сынактар)

 

Мектептин усулдук темасы

«Коопсуздуу билим берүү мейкиндигинде жогорку маалыматтык маданиятты калыптандыруу инсанды ийгиликтүү коомдоштурунун кыймылдаткыч күчү катары»

 

Мугалимдердин жетишкен ийгиликтери (конкурс, кароо сынактар)

Окуу жылыМугалимдердин аты жөнүКароо сынактардын аталышыАлган орду
2017-2018Мамбетова Мирзат

Тарых мугалими

Республикалык

“Мугалим журналы уюштурган”

“Жылдын мыкты мугалими-2018”

Облуста

Гран-при 

 

Республикада

3-орун 

2020-2021Качкын кызы Анара орус тили мугалимиНарын райондук «Жылдын мыкты мугалими -2021»Райондо

Гран-при 

2019-2020Муратжанова Айзада Башталгыч класстын мугалими“Жыл мугалими-2020”Райондо

3-орун

2021-2022Бапанова Кундуз          География мугалими“Жыл мугалими -2022”Райондо

Активдүү катышуучу

 

 

 

Жакып Өмүралиев атындагы орто мектебинин алган сыйлыктары:

Миң-Булак айыл өкмөтүнүн “ Жылдын мыкты мектеби” 2018-жыл

Нарын райондук Билим берүү бөлумүнүн “ Ыраазычылык каты” 2018-жыл

Келгиле окуйбуз!долбоору атынан       “Ардак грамота” 2019-жыл

Калый Молдобасановдун 90- жылдыгына карата райондук иш-чара “Мыкты  макет” үчүн “Ардак грамота”-2020-жыл

23-апрель”Бүткүл дүйнө китеп күнүнө карата өткөрүлгөн райондук иш чарада “Ата-энелер менен бирдикте мыкты иш көрсөткөндүгү үчүн “Ардак грамотасы”- 2019-ж

“Мыкты көрсөтмө  курал” “Ардак грамота”

Китеп шаарчасы 3522 руханий-интеллектуалдык долбоору. Нарын шаардык мэриясы “ “Ыразычылык каты” 2021-ж

“ Акыл майданы” интеллектуалдык оюнуна жигердүү катышкандыгы үчүн “ Ыраазычылык кат”  2022-ж

Нарын райондук мамлекеттик администрациянын  3-даражадагы диплому

12-декабрь Улуттук адабият күнүнө карата  “Улуттук нарк-насилибизди сактоо менен улутубуз сакталат”аттуу сынак.  Райондо 2-орун 2022-жыл