«Мекенди коргоо ыйык милдет»

Жакып Өмүралиев мектебинде 2023-жылдын 17-февралда «Чебер» усулдук бирикмеси (музыка , көркөм өнөр, технология, дене тарбия) декаданын алкагында «Мекенди коргоо ыйык милдет» деген сынакты 9-11- класстын эркек балдырынан эки команда түзүп өткөрүштү. Сынак абдан кызыктуу болду жана жакшы деңгээлде даярдалган. Эркек балдар патриоттук обондуу ырларды катарда тизилүү менен ар кандай кыймылдарды так аткарып беришти. Окуучулар аскерге чейинки даярдоо сабагы боюнча противогаз комплектисин тез убакыттын ичинде кийүү жана жыйноо көндүмдөрүн да көрсөтүштү.

"Мекенди коргоо ыйык милдет"